Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

HRW Жанета Хамзаеванын кармалышы боюнча кыргыз бийлигине кайрылды


Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму теги тажикстандык активист, оппозиционер Собир Валиевдин кыргызстандык жубайы Жанета Хамзаеванын кармалганына тынчсызданууда.

Уюмдун Бишкектеги кеңсесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу, Борбор Азия боюнча эксперт Стив Свирдлоу бул тууралуу “Азаттык” радиосуна курган маегинде айтты. Ал Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул кармоонун себептерин түшүндүрбөй жатканы эл аралык нормаларга дал келбестигин белгиледи:

- Human Rights Watch уюму тажик жарандык коомунун өкүлү жана саясат айдыңындагы көрүнүктүү активисттердин бири - Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаеванын кармалышын өтө тынчсыздануу менен кабыл алды. Анын колго түшүү себептери азырынча бизге маалым эмес. Биз кыргыз бийлигине кайрылып, бул маселеге олуттуу көңүл буруп, эл аралык нормаларды сактоого чакырабыз.

Стив Свирдлоу Хамзаева менен туугандарынын жана адвокаттын жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүү керектигин кошумчалады. Бул кармоо тажик атайын кызматынын суранычы менен ишке ашкан болушу ыктымалдыгын, бирок мындай тыянак чыгарууга эрте экенин белгиледи.

Жанета Хамзаева (Валиева) 2-октябрга караган түнү Молдовадан Бишкекке келген учурда "Манас" эл аралык аэропортунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын себеби айтыла элек. Ошол күнү анын апасынын Бишкектеги үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн.

"Кылым шамы" укук коргоо уюму Хамзаева менен адвокаттын жолугушуусуна, туугандарынын көрүшүүсүнө уруксат берилбей жатканын маалымдаган.

УКМК окуянын чоо-жайы боюнча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG