Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Кыргызстанда 60 миңге чукул наабайкана бар


Тандыр нан.
Тандыр нан.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалыматы боюнча 55 миң ишкана жана 2,5 миңден ашуун жеке ишкер наабайчылык менен алектенет. Арасында нан азыктарын заманбап технологиялар менен бышырган ишканалардан тартып, кадимки тандыр менен чектелген наабайканаларга чейин бар.

Маалыматка ылайык, наабайканалар жылына 110 миң тоннанын айланасында нан азыктарын даярдашат. Анда пайдаланылган ундун көпчүлүк бөлүгү Казакстандан импорттолгон ун.

Өткөн жылы кыргыз өкмөтү Казакстандан алынып кирилчү ун менен дандан кошумча нарк салыгын алып салган. Бул жергиликтүү дыйкандар менен ун өндүрүүчүлөрдү ишин токтотууга мажбур кылган. Ал эми мамлекеттик бюджет 650 млн сом кирешесинен ажыраган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG