Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

Журналисттерди коргоо комитети казак бийлигине кайрылды


Сейитказы Матаев (оң жакта).

Сейитказы Матаев (оң жакта).

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети Казакстан бийлигин өлкөнүн журналисттер бирикмесинин төрагасы, Улуттук пресс-клубдун президенти Сейтказы Матаев менен анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин директору Асет Матаевди негизсиз айыптоолорун алып коюуга чакырды.

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу Сейтказы Матаевди мамлекеттик заказ боюнча бөлүнгөн 380 миллион теңгени кымырып алууга, ошондой эле 327 миллион теңге өлчөмүндөгү салыкты төлөөдөн качуу боюнча айыптаган. Асет Матаевге дагы ушундай эле айыптар тагылган. Прокуратура Сейтказы Матаевди алты жыл сегиз айга, Асет Матаевди алты жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Ошондой эле мамлекеттик айыптоо алардын мүлкүн конфискациялоону талап кылган.

Журналисттерди коргоо комитетине Асет Матаев айыптар аларга «өлкөдөгү абал жөнүндөгү фактыларды чагылдыргандыгы үчүн өч алуу максатында» тагылганын билдирген. Сейтказы Матаев соттогу акыркы сөзүндө алар «басма сөз эркиндигине, жарандык активдүүлүккө жана Казакстандын журналисттерин коргоого багытталган профессионалдык ишмердүүлүгүн чектөө» максатында куугунтукка кабылып жатканын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG