Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Оппозиция курултайын Орус драма театрында өткөрөт


Оппозиция жыйыны өтчү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры.

Оппозиция жыйыны өтчү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры.

Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык активист Адил Турдукулов маалымдады. Ал Орус драма театры менен келишим түзүлүп, курултайдын мөөнөтү 8-октябрга белгиленгенин кошумчалап, күн тартибине референдумга каршы туруу боюнча маселе коюларын билдирди.

- Курултайга жаштар, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана мекенчил күчтөр катышат. Биздин жыйын ачык болот. Андыктан бийлик тараптан каалаган адамдар келип катыша берсе болот.

Буга чейин оппозиция Бишкектеги Улуттук филармония, Спорт сарайы, Опера жана балет театры “Референдумга - жок!” кыймылынын курултай өткөрүү тууралуу өтүнүчүн четке кагып, бийлик Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөрдүн жыйынына атайлап тоскоол болуп жатканын айтышкан. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG