Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

УКМК тажик укук коргоочунун аялын бошотту


Жанета Хамзаева.
Жанета Хамзаева.

УКМК Жанета Хамзаеванын катышуусунда анын жашаган жерин тинтүүгө алган соң, кайра бошотту. Хамзаева Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан издөөдө жүргөн Собир Валиевдин жубайы болгондуктан, УКМК аны күбө катары суракка алганын комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Сулайманов кошумчалагандай, УКМК Собир Валиевге карата кылмыш ишин кайра жандантты.

-Тажик укук коргоочусу Собир Валиевге 2015-жылы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана кызмат абалынан кыянаттык кылганы үчүн кылмыш иши козголгон. Бирок ал эл аралык издөөгө алынгандыктан кылмыш иши токтотулган, - деди Рахат Сулайманов.

2-октябрда “Манас” аба майданына издөөдө жүргөн Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаева учактан конгон учурда УКМК кызматкерлери аны кармап кеткен. Бул окуяга Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму тынчсыздануусун билдирген. УКМК Хамзаеваны ошол эле күнү кайра бошотконун айтууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG