Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

“Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдагандай, Өзбекстан чек ара аймагындагы станцияларда турган вагондорду Кыргызстандын белгиленген станцияларына чейин жеткирип берди.

Буга чейин маселени чечүү максатында “Кыргыз темир жолу” ишканасы КМШнын темир жол транспорту боюнча борбордук кеңешине жана “Өзбек темир жолуна” расмий кат менен кайрылган. Жыйынтыгында вагондорду алмашуу иштери калыбына келип, кыргыз тарап бардык 250 вагонду кабыл алды.

22-сентябрда күйүүчү май, битум жана буудай жүктөп келе жаткан 250 жүк ташуучу вагондор Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга кирбей туруп калган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG