Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Венгрия өкмөт башчысы натыйжасыз референдумду жеңиш деп жарыялады


Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Урбан.
Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Урбан.

Жекшемби күнү Венгрияда Европа Биримдигинин мигранттарды квота менен бөлүштүрүү тартиби боюнча референдум өткөрүлдү. Добуш берүүгө катышкандар квотаны Биримдик чечиш керекпи деген суроого жооп бериш керек эле. Референдумга катышкандардын 99% добушу саналып бүттү. Анын жыйынтыгында 98% Европа Биримдигинин квота бөлүшүнө каршы чыккан.

Бирок референдумга шайлоочулардын 43% гана катышкан. Ал болду деп табылыш үчүн кеминде 50% катышууга тийиш эле. Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбан “биз мыкты натыйжага жетиштик”, ал “Брюсселге каршы курч курал болуп берет” деп 3-октябрда билдирди. Референдумдун болбой калышына карабай, Виктор Орбан элдин пикирин эске алуу менен Венгрия конституциясына өзгөртүү киргизүүнү сунуштарын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG