Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 09:32

Кыргыз өкмөтү Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөттү. Ош шаарынан жөнөтүлгөн автокербенге 20 адамдан турган экспедициялык топ кошулду. Ошондой эле миграция кызматынын өкүлдөрү жана медициналык кызматкерлери кирди.

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Ооганстандагы Памир кыргыздарына гуманитардык жардам: товар, азык-түлүк, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үй түрүндө уюштурулду.

Бүгүнкү күндө Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG