Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

"Алматы" аба майданында сымаптын төгүлүшү учууларды токтотту


"Алматы" эл аралык аба майданынын маалымат кызматынын 3-октябрдагы кабарлоосу боюнча, Тбилисиге багыт алган жүргүнчүнүн жүктөрүн текшерүүдө шектүү нерсе байкалган. Аба майдандын коопсуздук кызматкерлери суюктук куюлган идишти көрсөтүүнү талап кылганда, ал аны таштанды челекке ыргытып жиберген. Идиш сынып, сымап төгүлүп кеткен. Мына ошондон кийин жүргүнчүлөр жана кызматкерлер тез арада аэропорттон чыгарылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери чакырылган. Азыркы кезде аба майдандын иши ыраатка келип, учуулар башталды. (AiT)

XS
SM
MD
LG