Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Президент Коргоо кеңешинин катчысы менен коопсуздук маселесин талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жүрүп жаткан иштерди талкуулады.

Жумакадыров чек ара коопсуздугу жана чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен чечүү багыты боюнча маалымат берди.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, президент жана Коргоо кеңешинин катчысы укук коргоо органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөдөгү диний кырдаалды өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты. (SDz)

XS
SM
MD
LG