Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Рим папасы Азербайжанга жасаган сапарын аяктады


Рим папасы Франциск Бакудагы мечитте.
Рим папасы Франциск Бакудагы мечитте.

2-октябрда ал Бакудагы Гейдар атындагы мечитте мусулман, жөөт жана православ диний лидерлери менен жолугушуп, “бул жердеги жолугушуулар жана сыйынуулар түрдүү диндер жеке мамилелерге таянуу менен гармонияга жете аларын көрсөттү” деп белгиледи. Ага чейин Рим папасы Франциск Бакуда Азербайжан президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Алиев папанын сапарын “тарыхый” деп атады. “Сиздин Азербайжанга сапарыңыз Азербайжан менен Ватикандын мамилеси үчүн өтө маанилүү, анын ичинде цивилизациялар диалогу үчүн дагы” деди Алиев. Папа Азербайжанга Грузиядан келди. Грузияда православдар папанын сапарына каршы чыгып, ыңгайсыз жагдайлар жаралды. (AiT)

XS
SM
MD
LG