Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Колумбия калкы референдумда ФАРК менен мунасаны колдогон жок


Колумбия президенти Хуан Самуэл Сантос партизандардын лидерлери менен келишимге кол коюу учурунда.
Колумбия президенти Хуан Самуэл Сантос партизандардын лидерлери менен келишимге кол коюу учурунда.

2-октябрда өткөрүлгөн референдумда ага катышкандардын 50.21% келишимге каршы, 49.78% колдоп добуш берген. Добуш берүүгө калктын 37% гана катышкан. Бул күнү Колумбияда нөшөрлөгөн жаан жаап турганы да айтылууда.

Марксистик ФАРК кыймылы менен 52 жылдан бери уланып келаткан партизандык согушту токтотуу максатында бийлик менен ФАРК лидерлеринин келишимин эл аралык коомчулук кызуу кубаттоого алган. Референдум жыйынтыгынан кийин өкмөт да, партизандардын лидерлери да тынчтык келишимди кайра карап көрүү боюнча аракет жасаларын билдирди.

Колумбия президенти Хуан Самуэл Сантос ок атышууну токтотуу келишими күчүндө каларын, ал өзү каршы добуш бергендердин лидерлери менен жолугушуп, кандай чара көрүүнү сүйлөшөрүн билдирди. 1964-жылы башталган конфликт 220 миңден көп кишинин өмүрүн алып, миллиондорду көчүүгө аргасыз кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG