Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгы Йошинори Осумиге ыйгарылды


Жапон окумуштуусу Иошинори Осуми.
Жапон окумуштуусу Иошинори Осуми.

Осуми Токионун технологиялык университетинде эмгектенет жана ал молекулярдык биология боюнча адис. Жапон окумуштуусуна сыйлык аутофагия механизмдерин иликтөөсү үчүн ыйгарылганы дүйшөмбү күнү кабарланды. Илимпозго Нобель сыйлыгы менен кошо 8 млн. Швеция крону же 993 миң АКШ доллары берилет.

Иошинори Осуми “көптөгөн физиологиялык жараяндарды, анын ичинде ачкачылыкка көнүгүшүү жана инфекцияга жооп берүү өңдүү нерселерди түшүнүүгө жол ачты” деп белгиленген сыйлыкты ыйгаруу боюнча билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG