Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

Кыргызстан автоунаа жолдорунун сапаты боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында акыркы орундарга жайгашты. Дүйнөлүк экономикалык форумда “атаандаштыктын глобалдуу индекси” жарыяланып, анда жол инфраструктурасына дагы өзүнчө баа берилди.

Натыйжада КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Азербайжан алдыңкы орунга чыгып, дүйнөлүк рейтингде 50 өлкөнүн катарына кире алды. Тажикстан (70) экинчи орунга чыкса, кийинки орундарды Грузия (78), Армения (81), Казакстан (108) жана Орусия (123) ээледи. Кыргызстан жолдордун сапаты боюнча 131-орунга татыса, Молдова (132), Украина (134) бизден ылдый жайгашты.

Жолдордун мыкты курулуш сапаты боюнча Бириккен Араб эмирлиги дүйнөдө эң жогорку баага татыды. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG