Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Президент Путин плутонийди зыянсыздандыруу боюнча Орусия-АКШ келишимин токтотту


Орусиянын Озерск шаарындагы лабораториядагы оператор.
Орусиянын Озерск шаарындагы лабораториядагы оператор.

3-октябрда жарыяланган Орусия президентинин жардыгында, “Вашингтондун Орусияга карата достук эмес аракеттерине байланыштуу” Орусия менен АКШнын ортосундагы өзөктүк курал жасоо үчүн колдонулчу плутонийди зыянсыздандыруу боюнча келишимди токтотуу буйрулган.

Бул келишимге тараптар 2000-жылы жетишкен. Ал эки тараптуу мамиледеги маанилүү белги катары каралып келген. Келишимдин 2011-жылы күчүнө кирген протоколуна ылайык эки өлкө 34 тоннадан ашык плутонийди зыянсыздандырыш керек эле. АКШ жана Орусия ядролук курал жасоого колдонулчу плутоний эң көп кармаган өлкөлөр. Орусия менен АКШнын мамилеси Орусиянын Крымды аннексиялоосу жана Чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосунан кийин начарлап кеткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG