Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Собир Валиев: Мага кылмыш иши Тажикстандын көрсөтмөсү менен козголду


Собир Валиев
Собир Валиев

Тажикстандык укук коргоочу, саясый ишмер Собир Валиев ага карата Тажикстандын бийлиги тарабынан саясый куугунтук болуп жатканын өзүнүн Facebook социалдык баракчасында жасаган кайрылуусунда билдирди. Ал Кыргызстанда 10 жыл бизнес менен алектенгенин айтып, УКМКнын "жалган паспорт көтөрүп жүрөт" дегени суу кечпей турганын, азыркыга чейин Кыргызстандын паспорту менен Европа өлкөлөрүндө жүргөнүн билдирди.

- Мага дагы деле коркутуулар болуп жатат. Мен Кыргызстандын демократиянын аралчасы деп ойлогом. Бирок азыркы бийлик демократиядан авторитаризмге ооп кеткенин көрүп жатам. Себеби Тажикстандын бийлигинин көрсөтмөсү менен мага кылмыш ишин козгоп жатышат. Ошентсе да менин аялымдын камактан бошотулушун коомчулук менен чогуу жасаган аракеттин биринчи жеңиши катары кабыл алам.

Собир Валиев Европанын кайсы өлкөсүндө жүргөнүн айткан жок. Бирок жакынкы аралыкта ал өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине барып, көрсөтмө берерин кошумчалады.

Валиевдин жубайы Жанета Хамзаева 2-октябрда Бишкекке учуп келген учурда УКМК кызматкерлери тарабынан камакка алынып, кайра бошотулган.

УКМК ошондой эле 3-октябрда 2015-жылы Собир Валиевге карата козголгон кылмыш ишин кайра жандантканын кабарлап, ага "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG