Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 95 млн доллар бөлдү


Тогуз-Торо району. Түндүк-түштүк альтернативдик жолдун курулушу.

Тогуз-Торо району. Түндүк-түштүк альтернативдик жолдун курулушу.

Түндүк-түштүк альтернативдик жолдун курулушуна Азия өнүктүрүү банкы насыя жана грант түрүндө 95 млн доллар бөлдү. Маалыматта айтылгандай, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстанда жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун 95 пайызы кара жол аркылуу жүргөндүктөн, альтернативдик жол ички жана тышкы сооданы өнүктүрүп, жакырчылыктын көрсөткүчүн азайтууга чоң салым кошот.

АӨБ берген каражат аталган автоунаа жолдун 70 чакырымын реаблитациялоого жумшалат. Кошумча тилкелерди оңдоо үчүн Евразия банкы, Ислам банкы жана Сауд Арабиянын өнүктүрүү фонду, ошондой эле Кытайдын Эксимбанкы тарабынан каражаттар тартылмакчы.

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлоруна 1994-жылдан бери кошулуп, жалпысынан 1,5 млрд доллар суммасындагы насыя, грант жана техникалык жардам алган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG