Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Москвада Борис Немцовго байланыштуу сот 3-октябрда башталды


Борис Немцовду эскерүү. Москва

Борис Немцовду эскерүү. Москва

Орусия оппозициясынын лидерлеринин бири Немцовду өлтүрүүгө байланыштуу беш киши сот жообуна тартылды. Орусиянын мурунку вице-премьер-министри жана оппозициялык саясатчы Немцов өткөн жылы 27-февралда Москвада атып өлтүрүлгөн. Шектүүлөр катары Чеченстан тургундары кармалып, аларга буюртма киши өлтүрүү жана уюшкан кылмыштуулук боюнча айып коюлган.

Заур Дадабаев, Анзор жана Шадид Губашев, Тамерлан Ескерханов жана Хамзат Бахаев коюлган айыпты моюнга алган эмес. Буюртманы аткарганы үчүн кылмышкерлерге 15 млн рубль убада кылынган деп тергөөчүлөр билдирүүдө. Немцовдун жакындары киши өлтүрүүгө буйрук берген тарап табылбаганы үчүн тергөөнү сынга алып келатат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG