Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Кыргызстандагы 80 миң үй-бүлөнү колдоого алуу боюнча келишим түзүлөт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Келишимге БУУнун азык-түлүк программасы жана Түштүк Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык уюму 4-октябрда кол коюшат. Келишимдин алкагында KOICA Улуттар уюмунун азык-түлүк программасына 4 млн доллар өлчөмүндө грант берет. Бул каражат аталган программа менен Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин төрт облуста жакыр жашаган 80 миң үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлоруна жумшалат.

Келишимге эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Жонг Бёнг Ху, KOICA уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Пак Сунджин жана БУУнун азык-түлүк программасынын аймактык директору Рам Сараванамутту кол коюшмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG