Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

Чүй облустук сотунда Азимжан Аскаровдун иши карала баштайт


Азимжан Аскаровдун ишин Жогорку сот Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Азимжан Аскаровдун ишин Жогорку сот Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Соттук жараян 4-октябрдан тарта Бишкектеги Жаза аткаруу кызматынын күзөт жана кайтаруу департаментинде жүрөт.

Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогасына айыптуу деп табылып, 2011-жылы Жогорку соттун өкүмү менен өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген. Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

Сот жараяны учурунда Аскаров камакта кала берет.

Азимжан Аскаров июнь коогасына чейин укук коргоочу катары таанылган. Анын кесиптештери Аскаровдун күнөөсү жоктугун белгилеп, ал укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн караланып, жазаланды деп эсептешет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG