Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Сот Рита Карасартованын референдум боюнча арызын кароодон баш тартты


Рита Карасартова

Рита Карасартова

Бишкектин райондор аралык соту укук коргоочу Рита Карасартованын “Референдумду белгилөө жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламент комитетинин чечими мыйзамсыз болгон деген арызын кароодон баш тартты.

Соттун айтымында, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитетинин чечими сунуш иретинде берилип, депутаттарга милдеттемелерди жүктөбөйт. Ошондой эле комитеттин чечими милдеттүү буйрук болбогондуктан укуктук актка кирбесин жана сотто арыз катары каралууга негиз болуп бере албасын билдирген.

29-сентябрда укук коргоочу Рита Карасартова “Референдумду белгилөө жөнүндөгү” жана “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору боюнча парламент комитетинин чечими мыйзамсыз болгон деп, Бишкек шаардык райондор аралык сотко арыз менен кайрылган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG