Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Ысык-Көлдө ЖККУнун аскердик машыгуусу башталды


Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү мүчө.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү мүчө.

Ысык-Көлдөгү 20636-аскер бөлүгүнүн “Эдельвейс” окутуу борборунун базасында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик машыгуусу өтүп жатат.

Кыргызстандын Башкы штабынан кабарлагандай, машыгууларга Кыргызстан, Орусия, Казакстандын аскер күчтөрү жана ИИМ менен ӨКМдин атайын багыттагы өздүк курамдары катышууда. Жалпысынан машыгууга аскер жана авиациялык техникалар, бронетехникалар жана 1000ге чукул аскер кызматерлери тартылган.

7-октябрга чейин улана турган машыгууларга Армения, Белорус өлкөлөрүнүн аскер башчыларынын өкүлдөрү да байкоо жүргүзүшмөкчү.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү мүчө. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG