Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Аскаров Куранды кармап күнөөсү жок экенин айтты


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Чүй облустук сотунда камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров өзүн күнөөсүз экенин айтып, ошол учурдагы видео тасманы көрсөтүүнү өтүндү.

- Мага буга чейин видео тасманы көрсөтөбүз деп айтышкан. Эмне үчүн аны көрсөтпөй жатат? Анткени ал видеодо мен жокмун. Арадан алты жыл өттү, дагы деле ал видео жөнүндө кеп жок. 2010-жылдын 18-июнунда Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп жатканда, кылмыш учуру видеого тартылып калганын айткан, бирок эмнегедир аны көрсөтпөй жатышат, - деди айыпталуучу.

Аскаров ошондой эле калпты аныктоочу детектордон өз ыктыяры менен өтүүгө даяр экенин айтып, куранды кармап алып, маркум милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирди.

Азимжан Аскаровдун иши бүгүн Чүй облустук сотунда каралып, сот адвкоаттардын өтүнүчүн четке кагып, айыпталуучуну камакта калтырды. Учурда сот жараянында жабырлануучу тарап көрсөтмө беришүүдө.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясында милиция кызматкери Сулаймановдун өлүмү боюнча айыптуу деп, 2011-жылы Жогорку соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG