Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Иран президенти мунай баасын көтөрүү аракеттерин жактады


Президент Хасан Роухани.

Президент Хасан Роухани.

Ирандын маалымат агенттиктери кабарлагандай, президент Хасан Роухани Венесуэла президенти Николас Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө мунай өндүргөн мамлекеттер анын баасын көтөрүү үчүн жарнакташып аракеттенүүсү зарылдыгын билдирген.

Иран да, Венесуэла да кара май өндүргөндөрдүн ОПЕК уюмунун мүчөсү. ОПЕК өткөн аптада Алжирдеги бейрасмий жыйында өндүрүштүн көлөмүн бир аз кыскартууну 2008-жылдан бери алгачкы ирет макулдашкан эле.

Эми ар бир өлкө кара май өндүрүшүн канчага кыскартуусу керектиги ноябрь айындагы жыйында чечилүүсү керек. Иран президенти Роухани базарды турукташтыруу үчүн өндүрүштү кыскартуу маселесин ОПЕКке мүчө эмес Орусия менен да сүйлөшүү зарылдыгын айтууда.

ОПЕК, өзгөчө атаандаштар Иран менен Сауд Арабия бул маселеде мунаса таап жатканы өткөн аптада билинген соң дүйнөлүк базарда кара май баасы 5% жогорулаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG