Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Тоң: кооператив жамааты митингге чыкты


Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын “Айкөл” кооперативинин жамааты бүгүн нааразычылык митингине чыгып, дыйкан чарбанын мүлктөрү сатылып жатканына каршылыгын билдиришти. Алардын айтканына караганда, кооперативдин мурдагы жетекчиси Замир Мукашев көпчүлүк мүлктү жана айыл-чарба техникаларын сатып жиберген. Эми жетекчилик кырманды жана кеңсени сатканы жатканын айткан нааразы тарап мүлктөр өкмөткө өтүшүн талап кылууда.

Өз кезегинде Замир Мукашев айтылгандарды четке кагып, аталган чарбанын мүлктөрү үлүш катары элге таратылып берилгенин, калган бөлүгү сатылбай эле турганын “Азаттыкка” билдирди.

“Айкөл” кооперативинде буга чейин 12 комбайн бар болсо, учурда бир комбайн калган. Ошондой эле кооперативдин бир бала бакча жана сарайы жеке колго өтүп кеткен. (AsM)

XS
SM
MD
LG