Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Италия алты миңден ашуун мигрантты деңизден аман-эсен алып чыкты


Жер ортолук деңизинде 3-октябрдагы куткаруу операциясынан бир көрүнүш.

Жер ортолук деңизинде 3-октябрдагы куткаруу операциясынан бир көрүнүш.

Италиянын жээк кызматы билдиргендей, аман-эсен куткарылган 6055 мигрант Европага жетүү максатында 39 кайык менен келе жаткан.

Жер ортолук деңизиндеги мигранттардын бул тобунан тогуз адам сууга чөгүп кетсе, боюнда бар бир аял жана жаш бала ооруканага жеткирилди.

Көбүнесе Ливиянын жээктеринен 50 чакырымдай аралыкта 3-октябрда жүргүзүлгөн куткаруу операциясына 10 чакты кеме, Италиянын аскер-деңиз күчтөрү, гуманитардык уюмдар катышты.

Миграция боюнча Эл аралык уюмдун эсебине караганда, быйыл жыл башынан бери Италиянын жээктерине 132 миңдей мигрант келип түштү, 3054ү деңизге чөгүп кетти. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG