Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы абалды талкуулады


Алеппонун козголоңчулар колундагы райондорунун бири. 29-сентябрь, 2016-жыл.

Алеппонун козголоңчулар колундагы райондорунун бири. 29-сентябрь, 2016-жыл.

Коопсуздук кеңештин соңку отурумунда Франция менен Испания 250 миңдей адам камалоодо калган Алеппо шаарында аба соккуларды токтотуу боюнча чараларды сунуш кылып, бирок ал кеңештин азыркы төрагасы Орусия тарабынан дароо четке кагылды.

Резолюция долбоорунда Сирия өкмөтүнөн гуманитардык жардам туруктуу жана тоскоолдуксуз жетиши үчүн абадан бомбалоону токтотуу талап кылынган.

Бирок, Сирия президенти Башар Асадды колдоп келе жаткан Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркиндин билдиргенине караганда, учактарды асманга чыгарбоо дээрлик куралсызданууга барабар болот жана Москва мындайды кабыл албайт.

Президент Башар Асаддын аскер күчтөрү учурда Орусиянын согуштук учактарынын жана Ирандын колдоосу менен өлкө түндүгүндөгү Алеппо шаарынын козголоңчулар колундагы чыгыш канатын ээлөөгө аракеттенип жатат.

Алепподогу аскерий аракеттерден улам АКШ кечээ Орусия менен Сирия боюнча сүйлөшүүлөрүн токтотконун жарыялап, муну Москва өз милдеттенмелерин аткарбаганына байланыштарды.

Орусия өз кезегинде АКШны Сириянын байистүү оппозициячыл топторун террористтик уюшмулардан ажыратуу милдеттенмесин аткара албады, дегеле мындайды каалаган жок деп күнөөлөдү. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG