Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:40

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Коопсуздук кеңешинде вето укугун чектөөгө чакырды


БУУнун Коопсуздук кеңеши
БУУнун Коопсуздук кеңеши

Зейид Раад ал-Хуссейн бүгүнкү билдирүүсүндө белгилегендей, Коопсуздук кеңеши согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыш же геноцид жасалды деген олуттуу тынчыздануулар жаралган кезде мүчө өлкөлөр вето укугун колдонуусуна жол бербеген критерийлерди жактыруусу керек.

Ал-Хуссейндин пикиринде, Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн вето укугун чектөө Сирия боюнча кырдаалды Гаагадагы эл аралык Кылмыш сотуна берүүгө мүмкүнчүлүк ачат.

Бул боюнча мурдагы аракеттерге Сирия президенти Башар Асаддын башкы өнөктөшү Орусия вето койгон болчу.

Ок атышууну токтотуу боюнча акыркы макулдашуу эки апта мурда кыйрагандан бери 250 миңдей адам камалоодо калган Алеппо шаары тынымсыз бомбалоого кабылып, Асаддын аскер күчтөрү Орусиянын жана Ирандын колдоосу менен шаардын козголоңчулар колундагы чыгыш канатын ээлөөгө аракеттенип жатат.

Алепподогу аскерий аракеттерден улам АКШ кечээ Орусия менен Сирия боюнча сүйлөшүүлөрүн токтотконун жарыялап, муну Москва өз милдеттемелерин аткарбаганына байланыштарды.

Орусия болсо өз кезегинде АКШ Сириянын байистүү оппозициячыл топторун террористтик уюшмалардан ажыратуу милдеттемесин аткара албады же муну каалаган жок деп күнөөлөдү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG