Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Ассанж АКШ шайлоосу боюнча материалдарды жарыялоону убада кылды


Ассанж Берлиндеги пресс-конференцияга видео байланыш аркылуу чыккан учур. 4-октябрь, 2016-жыл.
Ассанж Берлиндеги пресс-конференцияга видео байланыш аркылуу чыккан учур. 4-октябрь, 2016-жыл.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж кабарчылар менен бүгүнкү видео конференция учурунда билдиргендей, алар быйылкы жылдын аягына чейин бир миллион документти шардана кылат.

WikiLeaksтин хакерлери уурдалган документтер арасында АКШдагы президенттик шайлоо, согуш, курал-жарак, мунай жана Google боюнча олуттуу документтер бар. Бүгүнкү басма сөз жыйын WikiLeaks сайты катталганынын он жылдыгына тушташ өттү.

2012-жылдан бери Лондондо, Эквадордун элчилигинде баш калкалап отурган Ассанжды сексуалдык кылмыштарга барганы үчүн айыптаган Швеция өткөрүп алууну көздөйт.

Швед тараптын айыптоосун четке каккан Ассанж эгер бул өлкөгө экстрадицияланса андан ары АКШга өткөрүлүп, ал жакта жашыруун документтерди шардана кылганы үчүн жазага тартыларын айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG