Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Үйдөн безген өспүрүмдөр


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте 29-сентябрдан бери өспүрүм кыз изделүүдө. Бишкектеги мектептердин биринде окуган он жети жаштагы Регина сабакка кеткен бойдон үйүнө келген эмес.

Регинанын энеси Албина Алымбаева кызы эмне үчүн үйүнөн качканын түшүнбөй убара.​

- Менимче анда бир көйгөйлөр болгон. Акыркы күндөрү менден бир нерсени жашырып жатканын байкагам. Мага айткандан корккон окшойт. Эми келгенден да коркуп жатат. Буга чейин үйдөн качып кетчү эмес. Бир жолу гана эшикке чыгып кетип, кайра кечинде келген. Урушкан деле эмеспиз. Жок дегенде чалып койсо эмне...

Ал арада Регина жигити менен Ысык-Көлдө жүргөнүн бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты. Бирок анын энеси бул кептерди төгүндөп жатат.

Ата-эне балада болгон өзгөрүүлөрдү кылдат байкап туруусу зарыл. Эч качан бир да бала жөн жерден качпайт. Демек ал көңүл бурууну, мээримди күтөт.
Ольга Биденко

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев Регинанын жүргөн жери аныкталганы менен аны табуу ишке ашпай жатканын айтты. "Кыз интернетке чыккан маалыматтардан улам жер которуп, качып кетүүгө үлгүргөн", - дейт ИИМдин өкүлү.

ИИМде азыр канча өспүрүм үйүнөн качканы тууралуу так маалымат жок. Бирок Осмонбаев балдардын ата-энесине таарынып же аларды коркутуу максатында качып кеткен окуялар дээрлик күн сайын катталарын айтты:

- Күн сайын өспүрүм кыз же бала үйдөн качып кетти деген окуялар катталат. Бири курбуларына, бири жигитине, дагы бири туугандарыныкына кетип калат. Басымдуу бөлүгү он жаштан он алты жашка чейинкилер. Муну көпчүлүгү ата-эне менен урушуп, тил табыша албай жатканы менен түшүндүрөт. Үйүнө алып келсең, кайра качып кеткендери да бар.

Ал эми жоголуп табылган өспүрүмдөрдүн бири үйдөн качуунун себебин мындайча бөлүштү.

- Ата-энем мени такыр түшүнбөйт. Эч жакка жибербейт. Анан курбуларым менен кетип калам. Көп болсо бир-эки күн жүрөм. Чалайын дейм, бирок урушат деп чалбайм. Эркиндикти каалайм.

Адистердин баамында, өспүрүмдөрдүн көбү өткөөл куракта чоңдордун жашоосуна эрте аралашып, өзүн ата-энеден көз карандысыз, эркин сезүүнү каалайт.

Жаштар, Бишкек
Жаштар, Бишкек

Психолог Ольга Биденко өспүрүмдөр жөн жерден эле качпасын айтып, кабарсыз кеткен бала үчүн ата-эне жооптуу экенин кошумчалайт.

- Өткөөл куракта балдар үчүн эң керектүү нерсе - бул баарлашуу. Качып, үйгө келбей жаткан балдар да курбулары менен сүйлөшүүнү каалап анан кетип калышкан. Ата-эне балада болгон өзгөрүүлөрдү кылдат байкап туруусу зарыл. Эч качан бир да бала жөн жерден качпайт. Демек ал көңүл бурууну, мээримди күтөт. Кийим-кечек, акча жетиштүү болчу, өзү эле кетип калды деген ата-энелер жаңылышат. Кыздарда болсо бир аз башкача. Дал ушул куракта алар жетилип, чоңдордой көрүнгүсү келет.

Ушул жылдын башында Бишкекте студент кыздар жоголуп, алардын ата-энелери милицияга арыз менен кайрылган. Эки күндөн кийин кыздар курбуларынын үйүндө экени билинген.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG