Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Элчи Өзбекстандын Улуттук аба компаниясынын жетекчиси менен жолугушту


"Өзбекстан аба жолдору".

"Өзбекстан аба жолдору".

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков “Өзбекстан аба жолдору” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Валерий Тян менен жолугуп, жарандык авиация жаатында кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

3-октябрда Өзбекстан чек ара станцияларында турган Кыргызстанга таандык 250 вагонду кое берген. Күйүүчү май, битум жана буудай жүктөп келе жаткан 250 жүк ташуучу вагондор 22-сентябрдан бери Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга кое берилбей туруп калган.

Өткөн жумада Өзбекстан көп жылдардан бери алгачкы жолу чек арасын ачып, Кыргызстандан барган бийлик өкүлдөрүн, журналисттерди тосуп алган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG