Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Орусиядан чыгарылган кыргызстандык Сахалинде жүргөнү аныкталды


Сахалиндеги кыргыз мигранттар.
Сахалиндеги кыргыз мигранттар.

Орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара башкармалыгынын кызматкерлери Сахалин облусунда мыйзамсыз чек араны кесип өткөн кыргызстандык жаранды кармашты. Маалым болгондой, ал 2014-жылы Орусиянын аймагынан чыгарылып, 2019-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Алдын-ала маалым болгондой, кармалган жаран Кыргызстанга келип паспортун алмаштырып, аны менен чогуу аты-жөнүн кошо өзгөрткөн. Учурда Орусиянын коопсуздук кызматы кылмыш ишин козгоо маселесин көтөрүп, эгерде анын өзгөртүлгөн паспорт менен Орусияга киргени аныкталса төрт жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүндүгү айтылууда.

Кыргызстан бир жыл мурун ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон. Уюмга кирүү менен Орусия “кара тизмени” жоёору айтылган, бирок иш жүзүндө кыргызстандыктар жумушка орношууда гана жеңилдиктерге ээ болду. (SDz)

XS
SM
MD
LG