Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. “Билимге салынган инвестиция эч качан жоголбойт, сөзсүз анын кайтарымы болот. Ошондуктан, элибизде: “Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы” деп айтылат” – деген Атамбаев куттуктоосунда.
Өз сөзүндө мамлекет башчы мугалим - түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип экенин айтып, коомубуздун дээрлик жарымын түзгөн балдар менен жаштар күн сайын мугалимдин таалим-тарбиясын алышаарын белгиледи.
Атамбаев мугалимдердин айлык акыларын көтөрүү, башка социалдык маселелерин чечүү үчүн мамлекет колдон келген аракетин жасап жатканын, баарыбыз мугалимдер алдында карызбыз – деп кошумчалады. (SDz)