Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

АКШ вице-президенттигине талапкерлер дебатка чыгышты


Эрөөлдө козголгон маанилүү маселелердин бири Орусия менен мамилелер болду.
Эрөөлдө козголгон маанилүү маселелердин бири Орусия менен мамилелер болду.

АКШ вице-президенттигине талапкер, республикачы Майк Пенс Орусия Алеппо шаарындагы “варвардык чабуулдарын” уланта берсе, АКШ Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө сокку урууга чейин барууга тийиш деп билдирди. Мындай оюн Индиана штатынын губернатору демократтардын вице-президенттикке талапкери, Хиллари Клинтондун шериги Тим Кейн менен теледебат маалында ортого салды.

Эрөөлдө козголгон маанилүү маселелердин бири Орусия менен мамилелер болду. Эки саясатчы тең Москванын эл аралык коопсуздукка коркунуч жараткан аракеттерине Вашингтон чечкиндүү жооп кайтарууга тийиш деген көз карашын билдиришти.

Ал эми президенттикке талапкер Доналд Трамп алдынкы күнү Орусия АКШны урматтабаганы үчүн Сириядагы ок атышпоону бузду деген эле.

Ал эми сенатор Кейн эрөөл учурунда Трамп Владимир Путин, Ким Чен Ын, Муаммар Каддафи, Саддам Хусейн өңдүү диктаторлорду жакшы көрөт, орусиялык олигархтар менен бизнес кылып жаткандыктан, Путинди мактай берет деп сындады.

9-октябрда болсо президенттикке талапкерлер Клинтон менен Трамп экинчи дебатка чыгышмакчы.

XS
SM
MD
LG