Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

“Саякбай” көркөм тасмасы тартылып бүттү


Тасмадан кадр.
Тасмадан кадр.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган фильм ушул жылдын август айында тартыла баштаган. Фильмдин режиссеру Эрнест Абдыжапаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда чыгармачыл жамаат монтаждоо иштерине киришти.

- Кино тартуу үч бөлүктөн турду. Алгач артист, актерлорду тандоо иштери болду. Андан соң сценарийге жараша тасманын өзүн тартуу керек эле. Бул иштер аткарылып бүттү, эми үн коштоо, музыка жана монтаж иштери калды.

Абдыжапаров алгач тасманы тартуу үчүн мамлекеттен 100 млн. сом бөлүнөт деп айтылганы менен, иш жүзүндө каражат кем которулганын кошумчалады.

“Саякбай” көркөм тасмасы келе жаткан жылда алгач эл аралык киносынактарда көрсөтүлүп, кыргызстандыктарга жаз айларында тартууланат. (SDz)

XS
SM
MD
LG