Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Казакстандын Алматы шаарында Кыргызстандагы интернеттин баасы талкууга алынууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Монополияга каршы агенттиктен кабарлашты.

7-октябрга чейин созула турган жолугушууга өкмөт мүчөлөрүнөн тышкары “Кыргызтелеком”, интернет провайдерлер жана уюлдук компаниялардын өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Август айынын аягында Казакстандын байланыш операторлор биримдиги Кыргызстанда интернет баасы 1,5-3 эсе жогорулай турганын билдирип чыгышкан.

Алар муну Орусия тараптан Казакстанга интернет кымбат келип жатканы менен түшүндүргөн. Бирок орус тарап эч кандай бааны кымбаттатпаганын расмий билдиришкен.

Мындан улам Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылып, Казакстан тараптан Кыргызстанга интернет баасын жогорулатууга жол бербөөнү өтүнгөн.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG