Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

АКШ: талапкерлер Орусия боюнча кайым айтышты


Вице-президенттикке талапкерлер Майк Пенс жана Тим Кейн.
Вице-президенттикке талапкерлер Майк Пенс жана Тим Кейн.

АКШда вице-президенттикке талапкерлер алгачкы теле эрөөл учурунда Орусия боюнча да талаш-тартышка түштү.

Республикалык партиянын талапкери эгер Орусия Алепподогу чабуулдарын уланта берсе, Кошмо Штаттар Сирия өкмөтүнө каршы аскер күчүн колдонуусу зарылдыгын белгиледи.

Бул аралыкта азыркы администрация өкүлү, Мамлекеттик катчы Жон Керри Орусия менен Сирия боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр токтогону менен Вашингтон бул өлкөдө тынчтык орнотуу аракетинен баш тартпай турганын билдирүүдө.

Республикалык партиянын вице-президенттикке талапкери Майк Пенс 4-октябрдагы телетаймаш учурунда Алепподогу соңку окуяларды “варвардык чабуул” деп сыпаттады.

Пенс “эгер Орусия Алепподогу варвардык чабуулга катышууну жана улантууну тандаган болсо, Кошмо Штаттар Сирияда режимдин (Башар Асаддын) буталарына сокку уруу үчүн аскер күчүн колдонуусу абзел" деп белгиледи.

Ошентип, республикачылардын вице-президенттикке талапкеринин Алепподо Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен Орусиянын биргелешкен чабуулун токтотуу үчүн аскер күчүн колдонуу боюнча сөздөрү президенттикке талапкер Дональд Трамптыкынан да ары кетти.

Трамп өзү жооп чара иретинде аскер күчүн колдонорун айткан эмес, бирок Орусия АКШ менен Сирия боюнча макулдашууну бузган себебин Москва Вашингтондогу азыркы бийликти сыйлабасына байланыштырган.

Ушундай эле ойду телетаймаш учурунда вице-президенттикке талапкер Майк Пенс да кайталады:

- Дональд Трамп жана мен байкап жаткандай, ошондой эле буга чейин айтканымдай эл аралык аренада Сирия, Иран, Украина маселеси болобу биздин учурдагы администрацияга караганда, Орусиянын кичинекей, бирок коркуткан лидери күчтүүлүк кылды. Оор тийген факты - мына ушул. Бул Путинди колдогондук эмес, бул Барак Обама менен Хиллари Клинтондун начар жана алсыз башкаруусуна берилген аныктама.

Сирия вице-президенттикке талапкерлердин теле эрөөлүндө көтөрүлгөн маселелердин бири эле болгону менен атаандаштар Орусия жана президент Путин боюнча башка жагдайлар боюнча да айтыша кетти.

Телетаймаштын жүрүшү. Виржиния, 4-октябрь, 2016-жыл.
Телетаймаштын жүрүшү. Виржиния, 4-октябрь, 2016-жыл.

Маселен Демократиялык партиянын вице-президенттикке талапкери Тим Кейн Ак үйгө умтулган республикачылардын Путинди мактап жатканын сынга алды:

- Дональд Трамп Владимир Путинди кайра-кайра мактап жатты. Анын Путинге байланыштуу орусиялык олигархтар менен ишкер карым-катнашы бар. Трамптын шайлоо штабынын башчылары бир айча мурда путинчил күчтөр менен көмүскө байланыштары үчүн иштен бошотулбадыбы. Губернатор Пенс таңкалычтуу кептерди айтууда. Ал "Владимир Путин президент Обамага караганда жакшы лидер экени айныксыз" деп жатат. Путин өз экономикасын кургуйга кулатты, ал ЛГБТны, журналисттерди куугунтуктайт. Эгер сиз диктатура менен лидерликтин айырмасын билбесеңиз, бешинчи класстагы коом таануу сабагына кайтып барышыңыз абзел.

Бул аралыкта Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Орусия жана анын президенти АКШдагы шайлоо өнөктүктүн айныксыз бөлүгү болуп калганы өкүнүчтүү деп билдирди.

Москва менен Вашингтон администрациясынын мамилесин мурдагыдан да татаалдаштырган Сирия боюнча акыркы келишимдин бузулушу үчүн тараптар күнөөнү бири-бирине оодарууда.

АКШ бийлиги өз милдеттенмелерин Орусия аткара алган жок десе, Москва АКШ Сириянын байистүү оппозициясын террорчулардан бөлө албады же муну каалабады деп ырастоодо.

АКШ Алеппонун козголоңчулар карамагындагы чыгыш бөлүгүндө жайкын тургундарга сокку урулуп жатат десе, Орусия террорчулар бутага алынууда деп санайт.

Мамлекеттик катчы Жон Керри 4-октябрда, Брюсселде Маршал корундагы жыйында сүйлөп жатып Орусия менен Сирия боюнча эки тараптуу байланыштар токтосо да, бул өлкөдө тынчтык орнотуу аракеттери токтобойт деп ырастады:

- Орусия Асад элине каршы өзү тандаган согуш куралдарын, газ тибиндеги хлорду, башкарылбай турган чачырама бомбаларды колдонгонуна көз жуумп койду. Сирия режими, аны менен кошо Орусия да аскерий жеңишке көмөктөшүү аракетинде дипломатиядан баш тарткандай. Биз Сирия элинен баш тартпайбыз, тынчтыкка умтулууну токтотпойбуз, көп тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кетпейбиз. Бул согушту токтотуу үчүн жол табуу аракетин улантабыз. Алдыга карай жол табуу үчүн Сирияны колдоо боюнча эл аралык топ, Улуттар уюму, көп тараптуу башка майдараак сүйлөшүүлөр аркылуу колдон келгендин баарын жасайбыз.

Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгүндө 250 миңдей адам камалоодо турат. Ок атышууну токтотуу боюнча соңку келишимдин бузулушу аларга гуманитардык жардам жеткирүүнү такыр мүмкүн эмес кылып койду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG