Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:49

Путин депутаттарды өлкөнүн эл аралык кызыкчылыктарын колдоого үндөдү


Орусия президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын жаңы шайланган депутаттарын "коргонуу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, өлкөнүн эл аралык сахнадагы кызыкчылыктарын коргоого багытталган аракеттерин колдоого" чакырды. Парламенттин төмөнкү палатасынын жаңы курамына алгачкы кайрылуусунда Путин “күчтүү Орусияны” курууга салым кошууга үндөдү.

- Орусиянын кубаты өзүбүздүн ичинде, улутубузда, элибизде, каада-салт жана маданиятыбызда, экономика, эбегейсиз аймагында жана жаратылыш байлыктарында, албетте коргонуу кудуретинде. Эң негизгиси биздин күчүбүз биримдикте.

Президент саясий айырмачылыктарды унутуу керектигин, Орусиянын келечеги партиялык жана жеке амбициялардан жогору турганын белгилей кетти. 18-сентябрдагы парламенттик шайлоодо башкаруудагы Бирдиктүү Орусия партиясы мыйзам чыгаруу органынын төмөнкү палатасында конституциялык көпчүлүккө ээ болгон.

Думага өткөн калган үч партия – коммунисттер, либерал-демократтар жана Адилет Орусия партиясы Путиндин саясатын колдойт. Ал эми Кремлди сындап жүргөн либералдар мандаттарды жеңе алган жок.

Добуш берүүгө 50 пайызга жетпеген шалйоочулар катышканы расмий маалымдалган. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өнөктүк процедуралык мыйзам бузуулар менен өткөнүн сындаган.

Ал эми жергиликтүү оппозициянын далилдери, добушканалардан тартылган видео жана статистикалык маалыматтар бурмалоолорго жол берилгенин көргөздү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG