Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Антониу Гутерриш БУУнун Баш катчысы болууга негизги талапкер


Антонио Гутерриш

Антонио Гутерриш

Улуттар Уюмундагы дипломаттар маалымдашкандай, Португалиянын экс-премьер-министри, Качкындар боюнча мурдагы жогорку комиссар Антониу Гутерриш эмки Баш катчы болуп шайланышы ыктымал.

5-октябрда Коопсуздук кеңешиндеги жашыруун добуш берүүдө бир да туруктуу мүчө-мамлекет анын талапкерлигине вето койгон жок. Гутерриш буга чейинки беш айлампада да алдыга чыккан. Бирок Орусия Пан Ги Мундун ордун Чыгыш Европанын өкүлү, аял саясатчы басууга тийиш деп айтып келген.

15 өлкө кирген Коопсуздук кеңеши 6-октябрда расмий добуш берип, Башкы Ассамблеяга сунуш кылмакчы. Ал адатта кеңештин тандоосун жактырат.

Азыркы Баш катчынын экинчи беш жылдык мөөнөтү жыл соңунда аяктамакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG