Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Дартты жеңбеген дары көп


Мындан эки жыл мурун Кыргызстандын Коргоо кеңеши биологиялык активдүү кошулма деген дары-дармектерди сатууну иликтеген комиссия түзүп, Саламаттык сактоо министрлиги аны врачтардын сатуусуна тыюу салган.

Ага карабастан чет өлкөлөрдөн тармактык маркетинг же пирамида системасы менен алып келген дарыларды айыкпаган дартка даба деп саткан компаниялардын саны арбып, өз катарына кардарларды көбүрөөк тартуусу күчөп баратат.

“Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени ортого салды. Медицинага тиешеси жок компаниялардын дары-дармек сатуусуна көзөмөл кандай, кантип уруксат берилет? Дарылардын ден соолукка пайдасы же зыяны кандай текшерилет? Чет өлкөлөрдө чыгарылган дарылардын сапатын текшерүүчү лабораториялар барбы деген суроолорго жооп издеди.

Талкууга Саламаттык сактоо министрлигинин Дары жана медициналык каражаттар менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Акматов, аталган департаменттин каттоо бөлүмүнүн башчысы Замирбек Акаев, Кыргызстанда түзүлгөн Golden Sunshine жоопкерчилиги чектелген уюмунун врачтары Искендер Базарбаев менен Анарбек Камбарбеков катышты.

Көп компаниялар дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып келип, сертификаты жок эле сатып жатышат. Аларды көзөмөлдөө абдан оор, себеби биз каттоодон өткөн гана продукциялардын сапатын көзөмөлдөп, экспертиза өткөрчү мекеме болуп жатабыз.
Руслан Акматов

“Азаттык”: Руслан мырза, адегенде Кыргызстанда тамак-ашка кошулуучу биологиялык кошулма же чыныгы эле дары деп соода кылган канча компания катталган? Алардын чет өлкөлөрдөн алып келген дарылары кантип текшерилип, лицензияны кантип алышат?

Руслан Акматов: Саламаттык сактоо тармагындагы атайын мыйзам боюнча биологиялык активдүү заттар дары деп эсептелет жана алар сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек. Каттоо деген алардын адамдын ден соолугуна кандай таасир берип, кандай пайда же зыян кыларын лабораториялык толук анализден өткөрүлүп туруп, анан уруксат берүү дегенди билдирет. 2014-жылы Саламаттык сактоо министрлигинде лицензия берүүчү бөлүм ачылып, уруксат ошол бөлүм аркылуу берилет. Ага карабастан көп компаниялар дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып келип, сертификаты жок эле сатып жатышат. Аларды көзөмөлдөө абдан оор, себеби биз каттоодон өткөн гана продукциялардын сапатын көзөмөлдөп, экспертиза өткөрчү мекеме болуп жатабыз. Ал эми продукция сатып жаткан компаниялардын ишмердигинин мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын Финансы полициясы баштаган тартип коргоо органдары текшерип, көзөмөлдөөгө укуктуу.

“Азаттык”: Замирбек мырза, Кыргызстандын мыйзамы боюнча биологиялык кошулмалар дары деп эсептелет. Ушундан улам Саламаттык сактоо министрлиги БАДдар аптекадан башка жерде сатылбасын деп буйрук чыгарган. Бирок, азыр кардарларды колдон талашкан компаниялар чет өлкөлөрдөн алып келген түрдүү, көбү эмнеден жасалганы белгисиз дары-дармектерди бардык жерде сатып жатышат. Демек, аларды тыюуга сиздердин алыңар жетпей калдыбы же буйрук күчүн жоготтубу?

Замирбек Акаев: Жок, буйрук дагы эле күчүндө, бирок анын аткарылышы өзүнчө проблема. Себеби, жогоруда айтылгандай биз лицензиясы бар уюмдардын продукциясын гана иликтегенге укуктуубуз. Лицензияны министрлик гана берет. Ал эми каттоосу жок компаниялардын ишин териштиргенге биздин укугубуз жок, мындай аракет жасасак, ишкерликке тоскоолдук кылуу деп бааланып калат. Министрлик дагы текшере албайт. Уруксаты жок иштеп жаткан компаниялардын ишин тартип коргоо органдары гана териштире алат. Биз Финансы полициясы менен бир нече жолу рейд жасадык, бирок натыйжасы канааттандырарлык деп айта албайбыз.

“Азаттык”: Анарбек мырза, сиз Golden Sunshine жоопкерчилиги чектелген уюмунун врачы болуп иштейт экенсиз, демек сиздер Кытайдан алып келип сатып жаткан дарыңардын адамдарга тийгизип жаткан пайдасы менен зыянын жакшы билип, жоопкерчиликти алып иштеп жатасыздарбы?

Департаментке жети продукцияны иликтөөгө бергенбиз, азыр расмий жыйынтыгын күтүп жатабыз. Биз ишмердигибизди көп эл аралык компаниялар жүргүзгөндөй эле пирамида схемасы менен жүргүзөбүз жана ага мыйзамдык чек жок.
Искендер Базарбаев

Анарбек Камбарбеков: Мен врач катары Тибет медицинасын окугам. Бул компания ошол Тибет медицинасынын негизинде чыгарылган продукцияларды элге жайылтат. Дарылардын аннотациясын окусам баары Американын лабораторияларынан текшерүүдөн өткөрүлгөн экен. Мен өзүм да кант оорусу менен жабыркап жүрүп жакшы болуп калдым, ошон үчүн кардарларга жумасына бир жолу чоң ишеним менен эле маалымат берем.

“Азаттык”: Искендер мырза, анда эмне үчүн Саламаттык сактоо министрлиги сиздердин компанияга катталбаган, текшерилбеген дарыларды сатып жатат деп эскертүү берип, ишмердиги териштирилсин деп, ишти тартип коргоо органдарына жиберди?

Искендер Базарбаев: Биздин компания тармактык маркетинг менен иш жүргүзгөн эл аралык фармацевтикалык компания деп расмий түрдө катталган. Биздин негизги максат - сергек жашоо образын элге жайылтуу. Департаментке жети продукцияны иликтөөгө бергенбиз, азыр расмий жыйынтыгын күтүп жатабыз. Биз ишмердигибизди көп эл аралык компаниялардай эле пирамида схемасы менен жүргүзөбүз жана ага мыйзамдык чек жок.

Замирбек Акаев: Мына бул компания дагы продукцияларын атайын медициналык текшерүүдөн өткөрбөй туруп, сатууга киришкен. Демек, дарыларды алып жаткан адамдар алардын кандай таасир берери тууралуу толук маалыматы жок.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG