Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Өрт чалган басмакананын инженери күнөөсү жок экенин айтты


Өрттө каза болгон кыргызстандыктар

Өрттө каза болгон кыргызстандыктар

Орусиялык басылмалар жазгандай, Москвада 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган басмакананын башкы инженери Антон Яцков Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери болгон. Ал тергөө учурунда имаратта өрт коопсуздугу сакталган эмес деген маалыматка макул болгон жок.

Буга чейин Яцков басмакананын өрттөлүшүнө эч бир күнөөсү жок экенин, тергөөдөн жашынбаганын билдирген. Антон Яцков полиция тарабынан 13-сентябрда кармалып, бир жарым айга камакка алынган.

Кырсык боюнча экинчи айыпталуучу Сергей Москвин 6-сентябрда өзү тергөөгө келип, күнөөсүн мойнуна алган. Учурда тергөө иштери бүтө элек, ал эми айыпталуучулар 27-октябрга чейин тергөө абагында болушат.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн 17 адамдын, анын ичинде 14 кыргызстандыктын өмүрү кыйылган. Орусия Башкы прокуратурасы маркум кыз-келиндердин экөө гана Орусияда мыйзамду түрдө иштеп жүргөнүн жана Москвада каттоодо турганын билдирген. Ошол эле маалда басмакана өзү төрт жылдан бери өрт кызматтары тарабынан текшерилген эмес. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG