Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Атамбаев антикоррупциялык чаралар тууралуу маалымат алды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупция менен күрөш кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчы өлкөдөгү коррупциялык кылмыштарды алдын алуу, аларды аныктоо жана иликтөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат алды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Атамбаев мындан ары антикоррупциялык чараларды жакшыртуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу иштерин күчтөндүрүү керектигин белгиледи.

Президент акыркы үч күндө Башкы штабдын башчысын, ички иштер министрин, УКМК төрагасын, Коргоо кеңешинин катчысын кабыл алып, өлкөдөгү коопсуздукту алдын алуу жана башка коопсуздук маселелер боюнча маалымат алды. (SDz)

XS
SM
MD
LG