Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Сребреницанын мэри болуп серб шайланышы мүмкүн


Полиция Сребреницадагы добуштарды кайра саноону үзгүлтүккө учуратты.
Полиция Сребреницадагы добуштарды кайра саноону үзгүлтүккө учуратты.

Сребреница шаарында босниялык полиция бюллетендерди кайра саноону үзгүлтүккө учуратты. Жекшембидеги жергиликтүү шайлоодон кийин мэрликке улуту серб Младен Груичич келиши ыктымал экени айкын болуп калды. Ага 70 % добуш берилген.

Сребреница Балкандагы согуштун эң кайгылуу окуясы менен белгилүү. 1995-жылы сербдердин күчтөрү калаадагы 8 миң мусулман эркектер менен өспүрүмдөрдү кырышкан. Шайлоо комиссиясы ыктымал бурмалоолордон улам добуштарды кайра саноо буйругун берген. Бирок босниялык сербдердин полициясы кеңсесине кирип келип, комиссия жетекчиси Нермин Аливуковичти суракка алган. Ал муну шайлоо органына кысым катары баалады.

Груичич жеңишин жарыялоого үлгүрдү. Атаандашы, учурдагы мэр мусулман Камил Дуракович почта аркылуу жөнөтүлгөн бюллетендер саналып бүткүчө утулганын моюнга албасын айтууда.

XS
SM
MD
LG