Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:32

Ысык-Көл: Түштүк Кореянын дарыгерлери акысыз меджардам көрсөттү


3-5-октябрь күндөрү Каракол шаарында Кореянын тажрыйбалуу офтальмологдордун тобу калкка акысыз медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчылыгы билдирди.

Иш-чара Ысык-Көл жергиликтүү бийлигинин, Vision care бейөкмөт уюмунун жана "Samsung Medical Center" компаниясынын активдүү кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашкан. Анда ар кандай көз ооруларына кабылгандарга медициналык жардамдан тышкары көз айнек берилип, каалоочуларга линзалар алмаштырылды.

Белгилей кетсек Кореялык Vision care уюму 3 жылдан бери Кыргызстан менен кызматташып келет. Бул аралыкта 300дөн ашык көлдүк тургунга көз операциясы жасалды.

Уюштуруучулар жыл аягына чейин акция Бишкекте да өтөрүн белгилешти. (AsM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG