Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Индия аскерлери Кашмирде 3 согушкерди жок кылганын билдирди


Кашмир.

Кашмир.

Индия аскерлери Кашмирдеги базага кирүүгө аракеттенген куралчан шектүү 3 кишини жок кылышканын билдирди. Коргоо министрлиги маалымдагандай, согушкерлер Купвара районундагы база аймагына кирүүгө аракеттенгенде аскерлер ок ачышкан. Индия менен Пакистанды бөлгөн чек арага жакын жердеги окуяда Индия аскерлери жоготууларга учурабаганын министрликтин өкүлү ырастады.

Бирок бул чабуул тууралуу кабарды көз карандысыз булактар тастыктай элек. Өткөн айда жоочулар Индиянын аскердик базасына кол салып, 19 аскер окко учкандан кийин эки коңшу ортосундагы мамилелер кескин курчуп кеткен. 6-октябрда Пакистан аскерлеринин кол башчысы генерал Рахил Шариф куралдуу күчтөр агрессияга “тиешелүү жооп кайтарууга” даяр экендигин Индияга эскерткен.

Британ оторчулугу аяктагандан кийин 1947-жылы Кашмир Индия менен Пакистан ортосунда бөлүнгөн. Коңшулар бирок Шималаидеги бул аймакты талашып, эки ирет согуш өртү тутанган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG