Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

АКШ менен Орусия Сирия маселеси боюнча сүйлөшүүлөрүн кайрадан уланта баштады. Шаршемби күнү Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, Сирия, Украина жана Түндүк Корея маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонер билдирди.

Ал “Алепподо кырдаал курчуп турганда Сирия тууралуу кеп козгобой коюу биз үчүн жоопкерчиликсиздик болмок” деп айтты. Сентябрда АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен кабыл алынган ок атышууну токтотуу келишими бир аптага жетпей бузулган. Бул үчүн эки тарап бирин-бири айыптап, 3-октябрда АКШ бийлиги Москва тынчтык келишими боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатканына байланыштуу бул багытта эки тараптуу кызматташууну токтотконун жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG