Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:23

Орусия казак баатырынын баш сөөгүн мекенине кайтарды


Орусия Казакстанга 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын лидерлиринин бири Кейки баатырдын баш сөөгүн кайтарды. Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги бул маалыматты тастыктап, буга чейин Санкт-Петербургдагы Кунсткамерада сакталып келген экспонат Астанага учак менен бүгүн жектирилгенин билдирди. Кейки баатыр же Нурмаганбет Кокембай уулу 1916-жылы казактардын падышалык Орусияга каршы көтөрүлүшүн жетектегендердин бири болчу. Баатыр советтик бийликти да тааныган эмес. Тарых булактарында ал 1923-жылы Кызыл армия аскеринин колунан каза тапканы жазылып жүрөт. Маркумдун баш сөөгү мекенинде жерге берилмекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG