Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

БУУнун Баш катчылыгына Антониу Гутерриш расмий көргөзүлдү


Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Португалиянын экс-премьер-министри, Качкындар боюнча мурдагы Жогорку комиссар Антониу Гутерришти уюмдун Баш катчылыгына расмий көргөздү.

6-октябрда кеңештин 15 мүчөсү анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Эмки жумада башкы Ассамблея Гутерришти бекитет деп күтүлүүдө. Ал кызматына 2017-жылдын 1-январында киришмекчи.

Гутерриш 1995-2002-жылдары Португалиянын өкмөтүн жетектеп турган. 2005-жылдан былтыркы декабрга чейин Качкындар мекемесин башкарган

Азыркы Баш катчы Пан Ги Мундун беш жылдык экинчи мөөнөтү жыл соңунда аяктамакчы.

XS
SM
MD
LG