Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

"Новая газета" Политковскаянын өлүмүнүн он жылдыгына карата тасма чыгарды


Политковскаянын өлүмүнө тийиштиги барларды жазага тартуу тууралуу орусиялык "Новая газета" басылмасы жарыялаган видеокайрылуу.
Политковскаянын өлүмүнө тийиштиги барларды жазага тартуу тууралуу орусиялык "Новая газета" басылмасы жарыялаган видеокайрылуу.

Тасмада журналист Анна Политковскаяны өлтүргөндөрдү табуу талабы коюлган. Редакция тергөө иштебей жатат деп айыптоодо. Гезиттин журналисттери тергөө Политковскаяны өлтүрүүгө буйрук бергендерди таба албаганы үчүн кылмыш ачылган жок деп эсептешет. Алар ошондой эле 2011-жылы кармалган милиция кызматкери Дмитрий Павлюченков менен түзүлгөн келишимди да жокко чыгарууну талап кылышты. Келишим боюнча, ал журналистти өлтүрүүгө буйрук бергендердин жүзүн ачмак, бирок сөзүнө турган эмес.

"Новая газетанын" баяндамачысы Анна Политковская 2006-жылы 7-октябрда Москвадагы үйүнүн жанынан өлтүрүлгөн. 2011-жылы тергөө бул ишке Лом-Али Гайтукаевди, бир туугандар Жабраил жана Ибрагим Махмудовду, ошондой эле Сергей Хаджикурбановду айыптаган. 2012-жылы сот милициянын подполковниги Дмитрий Павлюченковду журналисттин өлүмүн уюштурган деген айып менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Буйрутма бергендер аныктала элек.

XS
SM
MD
LG