Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

ЖК: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттик угуу өтөт


Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана референдумду дайындоо тууралуу парламенттик угуу өткөрөт.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга депутаттар, ММК өкүлдөрү, жөнөкөй жарандар жана коомдук бирикмелер катышат. Парламенттик угууда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиштүү маселелер боюнча элдин пикири угулмакчы.

29-сентябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган мыйзам долбоорду 1-окуудан өткөргөн. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG